Пакистан Ооганстанга абадан сокку урду: Кабул 9 адам каза болгонун билдирдиСпортчу айым Айсулуу Тыныбекова тасмага тартылуудаФСБ нацисттердин мыкаачылыгын Нюрнбергде ашкерелөөгө жардам берген документтерди жарыяладыКочкор районунда мыйзамсыз атылган тоо эчкинин улагы табылдыДепутат инсульттан кийин кароого муктаж болгон карылардын жакындарына маяна төлөөнү сунуштадыБишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткарат
Дүйнө чемпионаты: Исмаилов жарым финалда жеңилди (видео)
23.09.2023 | 21:46
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Амантур Исмаилов (67 кг) Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалында атаандашына жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болду.
Исмалиов бүгүн, 23-сентябрда килем үстүнө чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Ал үч атаандашын 10:0, 8:0 жана 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Жарым финалда ал кубалык Луис Альберто Орта Санчес менен күч сынашып, ага 1:9 эсебинде жеңилди.
Эми ал эртең, 24-сентябрда коло байге үчүн күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз