Шаршенбеков реванш алып, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Шаршенбеков реванш алып, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (62 кг) Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын алтын байгесин утуп, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.

Шаршенбеков 22-сентябрда килем үстүнө чыгып, финалга жетүү үчүн литвалык, грузиялык, өзбекстандык жана ирандык атаандашын жеңген. Финалга чыгуу менен ал 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Бүгүн, 23-сентябрда өткөн финалдык беттеште Шаршенбеков япониялык Кеничиро Фумита менен күрөшүп, аны 11:6 эсебинде жеңди. Бул жеңиши менен Шаршенбеков экинчи ирет дүйнө чемпиону болду жана япониялык балбандан реванш алды. Себеби буга чейин эки балбан 2020-жылы Нью-Делидеги (Индия) Азия биринчилигинин финалында кездешкенде, Фумита Шаршенбековду жеңип алган.

Эскерте кетсек., Шаршенбеков мындан бир мурда ушул эле Сербиянын Белград шаарында алгач ирет дүйнө чемпиону атанган.

Ошондой эле Шаршенбеков 2018 жана 2021-жылдары дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>