Израилдин Ливанга жасаган катуу соккуларынан 250дөн ашуун адам каза болду — эмне болуп жататАдылбек Касымалиев Алексей Оверчук менен жолугушту — анда эмнелер талкууландыРаззак Бейшекеев грек-рим күрөшүндө алтын алып, Азия чемпиону болдуИнвестициялар боюнча улуттук агенттик NWT Group компаниясы менен энергетика, өнөр жай инфраструктурасы жаатында кызматташатБүгүн, 9-апрелде, көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаайтКыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 гана ардагери калды: алар Жеңиш күнүнө карата кандай төлөмдөрдү алышат?
$20,9 миң акчаны өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды
25.09.2023 | 11:12
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук – унаа жол” өткөрмө бекетинде 20,9 миң доллар акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 35 жаштагы Н.С. аттуу кыргызстандыктан 20,9 миң доллар акча табылган. Аталган жаран чет элдик валютаны декларациядан өткөрбөй, чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.
“Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттары андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом