Чүйдө жаш келин кичинекей үч баласын сатып жиберген деп кармалды

Чүйдө жаш келин кичинекей үч баласын сатып жиберген деп кармалды

Чүй облусунун Сокулук районунда жаш келин үч баласын сатып жиберген деп шектелип кармалды. Бул утуралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга А.А. аттуу жаран кайрылып, Д.Н. аттуу мурдагы аялы балдарын көрсөтпөй жатканын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт каттого алынып, териштирүү иштери башталган.

Териштирүү учурунда 2001-жылы туулган жаш келин (Д.Н.) 2021-жылы төрөгөн кызын Чүйдүн Москва районунун тургунуна (аял киши), 2022-жылы төрөгөн уулун К. аттуу жаранга жана 2023-жылы төрөгөн кызын М. аттуу аялга сатып жибергени аныкталган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (бала сатуу) беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Учурда бардык балдардын жүргөн жери аныкталып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Чү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>