Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
$20,9 миң акчаны өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды
25.09.2023 | 11:12
Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук – унаа жол” өткөрмө бекетинде 20,9 миң доллар акчаны өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 35 жаштагы Н.С. аттуу кыргызстандыктан 20,9 миң доллар акча табылган. Аталган жаран чет элдик валютаны декларациядан өткөрбөй, чек арадан алып өтүүгө аракет кылган.
“Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жаран жана акча каражаттары андан ары териштирүү иштери жүргүзүлүшү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом