Суусамырда 59 жаштагы жаранды малы менен кошо кар көчкү басып калдыНовопавловкада жеке үйдүн короосундагы иттерди атып кетишкен. Бул боюнча милиция түшүндүрмө бердиСадыр Жапаров мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кетиши боюнча комментарий берди«Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы достуктан жогору турат». Президент Камчыбек Ташиевди эмнеге кызматтан алганын түшүндүрдүТажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода Бишкекке келди13-февралга карата аба ырайы
Азия оюндары: Дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты
26.09.2023 | 11:06
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Эрлан Шеров 90 кг салмакта беттешүүдө. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде кытайлык спортчуну жеңген. Андан кийин чейрек финалда ливандык атаандашын уткан. Ал эми жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип, финалга чыккан.
Финалдык беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до болот. Түз эфирди Дене тарбия жана спорт департаментинин “Фейсбуктагы” баракчасынан жана УТРК Спорт каналынан көрүүгө болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз