1,5 миң сомдук аңчылык күбөлүгү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыктыБанктар сентябрда 63,4 миллиард сомдук жаңы насыя бердиБишкек менен Ошто муниципалдык жерлерди ижарага берүү эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстанда үй-бүлөлүк талаштар боюнча сотко кайрылууну жөнөкөйлөтүүнү каалашатБишкекте онкологиялык оорусу бар балдардын ата-энелери үчүн 70 орундуу пансион курулуудаАла-Арчаны бойлой променад: Бишкекте аймак асфальттоого даярдалууда
Азия оюндары: Дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты
26.09.2023 | 11:06
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Эрлан Шеров 90 кг салмакта беттешүүдө. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде кытайлык спортчуну жеңген. Андан кийин чейрек финалда ливандык атаандашын уткан. Ал эми жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип, финалга чыккан.
Финалдык беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00до болот. Түз эфирди Дене тарбия жана спорт департаментинин “Фейсбуктагы” баракчасынан жана УТРК Спорт каналынан көрүүгө болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз