Мыйзам долбоору: Ата-энесин бакпагандар 2 жылга чейин соттолушу мүмкүн

Мыйзам долбоору: Ата-энесин бакпагандар 2 жылга чейин соттолушу мүмкүн

Кыргызстанда колунда жок ата-энесин таштап кетип, алимент төлөбөгөн жарандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоору сунушталууда. Ал депутат Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген.

Аталган маселе бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелр боюнча комитетинде каралды.

Икрамовдун айтымында, мыйзам долбоорунда эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж ата-энесин багуудан качкан бойго жеткен, эмгекке жарамдуу балдарынын жазасын күчөтүү каралган. Ал үчүн тиешелүү мыйзамдарга да өзгөртүүлөр киргизилет.

Мыйзам долбооруна ылайык, бойго жеткен жаран дени сак, аман-соо туруп ата-энесин карылар үйүнө калтырып, алимент төлөбөсө 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин абакка кесилет.

Ошондой эле «кайрымсыз» уул-кыздарга мамлекеттик жумушка орношууга да мүмкүн болбойт. Себеби мыйзам долбоордо ата-энесин кароосуз калтырып, акча төлөбөгөндөр мамлекеттик кызматка алынбайт деген норма бар.

«Ата-энесин таштап кетип мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөндөр бар. Мыйзам кабыл алынса, ата-энесин таштагандар мамлекеттик кызматка алынбайт. Өз ата-энесине жакшылык кылбаган адам мамлекет үчүн да жакшылык кылбайт», — дейт Икрамов.

Суроо-жооптордон кийин аталган мыйзам долбоору комитет тарабынан биринчи окууда жактырылды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>