Бишкектин батыш бөлүгүндө 7-апрелде ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт: аймактардын тизмесиАдылбек Касымалиев дене тарбия жана спорт кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктадыЭдил Байсалов Бүткүл дүйнөлүк этноспорт союзунун башчысы менен жолугушту — анда эмнелер талкууландыЭл аралык террордук уюмдар менен байланышы бар деген шек менен жаран кармалдыБеларуста нацисттердин курмандыктары көмүлгөн мурда белгисиз 166 жай табылдыБишкекте Кайгуул кызматынын кызматкерлерине каршылык көрсөтүп кармалган айдоочу ким болуп чыкты?
Чемпиондорду татыктуу тосуп алган эмес. Байсалов менен Максүтов президенттен эскертүү алды
27.09.2023 | 16:31
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Байсалов менен Максүтовго эскертүү Сербияда өткөн күрөш боюнча мелдеште жеңишке жетип, дүйнө чемпиону болгон балбандар Кыргызстанга кайтып келгенде тосуп алуу иштерин жетиштүү деңгээлде уюштурбагандыгына үчүн берилген.
Эскерте кетсек, жакында эле Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков дүйнө чемпиону болушкан. Ошондой эле, Айпери Медет кызы күмүш, Таыйрбек Жумашбек уулу коло байге уткан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом