Депутат советтик мезгилден калган айыл-райондордун аттарын өзгөртүүнү сунуштады

Депутат советтик мезгилден калган айыл-райондордун аттарын өзгөртүүнү сунуштады

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстандагы советтик мезгилден калган шаар-райондордун аталыштарын өзгөртүүнү сунуштады.

Жыйында депутат Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевге кайрылып, советтик мезгилден калган айыл-райондордогу аталышты өзгөртүүнү сунуштап, «ата-бабаларыбызды репрессия кылган адамдардын аттарын коюп алып жүрө беребизби» деген суроо салды.

«Петровка, Беловодск, Садовое, Дмитриевка жана башкалар, андан тышкары Бишкектин 4 районунун аталыштарын качан өзгөртөсүңөр?! Аракет кылбайсыздарбы! Эгемендикти алганга 32 жыл болду.

 Абройлуу кишилерден, депутаттардан сунуш түшкөндө гана айылдын аттарын өзгөртпөстөн, сиздер масштабдуу түрдө иштешиңиздер керек. Бизде айкөл, таза кишилер жок беле?! Бишкекте бир районду Манас деп коюңуздар. Бир районду Курманжан датка деп атаңыздар. Дагы бир районго Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылсын. Өлкө үчүн үчүн өмүрүн арнаган залкар кишилер бар, ошолордун атын ыйгарыш керек. Бул багытта иштеңиздер», — деди депутат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>