Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Диплом чыры. Шаардык сот БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапты
02.10.2023 | 21:24
Бишкек шаардык соту 2-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун Борбордук шайлоо комиссиясынын аны депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимине каршы доо арызын карады.
Бишкек шаардык соту Борбордук шайлоо комиссиясынын депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапкан административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.
Эскерте кетсек, БШК 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон. Исамилов менен Алимжанов соттон Борбордук шайлоо комиссиясынын аларды мандатынан ажыратуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп табууну суранышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар