БШК Жогорку Кеңештин эки депутатын мандатынан ажыратты

БШК Жогорку Кеңештин эки депутатын мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов менен Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратты. Мындай чечим бүгүн, 6-июлда кабыл алынганын Reporter.kg’ге БШКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, эки депутаттын мандатынан ажыратылышы диплом маселеси менен байланыштуу.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, Фархат Исмаиловдун диплому жасалма болгон. Ал эми Фарходбек Алимжанов димломду мыйзам бузуу менен алган. Ал окуу жайды аяктоо үчүн мамлекеттик сынактарга катышкан эмес. Себеби ошол учурда Кыргызстандан чет жакта жүргөн.

Фархат Исмаилов «Ата-Журт Кыргызстан», ал эми Фарходбек Алимжанов «Альянс» фракциясынан депутат болгон. Эми бул иште чекитти сот коет.

Белгилүү болгондой, мандатынан ажыратылган Исмаилов менен Алимжанов БШКнын чечими боюнча сотко кайрыла алышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>