Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки тараптуу жолугушуу өттү

Кыргыз-тажик чек арасы: Баткенде эки тараптуу жолугушуу өттү

Бүгүн, 2-октябрда Баткен шаарында тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйыны өттү. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, Тажикстандын делегациясын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов, Кыргызстандын делегациясын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жетектеди.

Жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

“Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелердеги өтүүсүн мындан ары тактоо иштерин активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрдү билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришти.

Тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан жана Кыргызстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча топографиялык жумушчу топтору тажик-кыргыз мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясын тактоо боюнча ишти улантат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушууда ошондой эле чек арага жакын аймактардын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек ара аймактары менен облустарынын ортосундагы кызматташтык боюнча жигердүү иштерди улантуу зарылчылыгы да өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин басма сөз кызматынын мурдагы жетекчиси Нургазы Анаркулов социалдык тармакта “чек ара маселеси боюнча тарыхый чечим кабыл алынганы” тууралуу маалымат тараткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>