Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Кыргызстанда күйүүчү май тартыштыгы жаралышы мүмкүн
03.10.2023 | 14:04
«Казахстан темир жолы» компаниясы 1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен күйүүчү май боюнча транзиттик жүктүн көөлөмүн алдын-ала макулдашууну токтотту. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди.
Маалыматка караганда, казак тарап кыргыз ишканаларынын октябрь айына берген пландарын четке кагууда. Учурда ассоциация “Кыргыз темир жолу” ишканасы менен бирге маселени чечүү аракетин көрүүдө.
“Кыргыз нефтетрейдерлери жүктү убагында алып келе албаса, 20 күндөн кийин эле өлкөдө күйүүчү майга тартыштык жаралат. Андыктан бул маселе эки өкмөттүн деңгээлинде чечилиши керек”, – дейт ассоциация.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом