Кыргызстандын Калкты тейлөө борборлору (КТБ) 11 күндүк эс алууга чыгатКыргызстан аба паркын кеңейтет: 2026-жылы жаңы Airbus жана жүргүнчү учак алуу пландалуудаЕАЭБ жалпы каттамдарды түзүү үчүн туризмди өнүктүрүү концепциясын бекитти27-декабрга карата аба ырайыТүштүк Кореяда 4 миңден ашуун кыргызстандык жумушка орношууга кызыкдарСанкт-Петербург шаары Кыргызстан менен шаар башкарууну санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшөт
Адам өлтүрүүгө шектелген казак жараны Бишкектен кармалды
04.10.2023 | 12:07
Бишкекте Казакстанда адам өлтүрүүгө шектелип, издөөгө алынган кошуна өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта 28 жаштагы Алмата шаарынын тургуну казак-кыргыз чек арасыз мыйзамсыз кесип өткөнү айтылат. Ал “Манас” аэропорту аркылуу үчүнчү мамлекетке учуп кетүүнү көздөгөн.
УКМК тарабынан ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (“Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү”) боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом