Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөтСариев: Кыргызстан менен Казакстандын соодасы өсүүдө, бирок чек арадагы көйгөйлөр чечиле элек
Мектеп рэкетчилиги: Чүйдө чоң класстын окуучулары кичүү балдарды сабаган (видео)
04.10.2023 | 12:04
Соцтармактарга Чүйдө чоң класстын балдары өзүнөн кичүү окуучуларды сабап жатканы тартылган видео тарады.
Видео жарыяланган BespredelKG баракчасында айтылгандай, окуя Чүйдүн Новопавловка айылындагы мектепте болгон. Видеодо 9-класстын окуучулары 8 класстын балдарын сабар жатканы тартылган.
Чүй облустук милициясы окуя боюнча Reporter.kg’ге билдиргендей, учурда аталган факт Сокулук райондук милициясында каттоого алынып, териштирүү иштери башталды. Милиция окуяга катышкан окуучулардын өздүгүн тактап жатат. Кийинчерээк кошум маалымат берилет.
Милициядан белгилешкендей, аталган факт Сокулук райондук милициясынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз