Кыргызстанга Владимир Путин расмий сапар менен келет

Кыргызстанга Владимир Путин расмий сапар менен келет

Россиянын президенти Владимир Путин 12-октябрь күнү Бишкекке расмий сапар менен келет. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Владимир Путин Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андан тышкары, Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанатка катышат.

«Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат”, — дейт Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетсек, 13-октябрь күнү Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Ага Владимир Путинден башка дагы шериктеш өлкө башчыларынын катышуусу күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>