Аялынын колун үтүк менен күйгүзүп, зордуктоого шектелген жаран камакта калтырылды

09.10.2023 | 18:05

Бишкекте жарандык никеде жашаган аялынын колун үтүк менен күйгүзүп кыйнап, зордуктоого шектелген жаран (Э.У.) камакта калтырылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 16-сентябрда Октябрь райондук соту шектүүнү №1 тергөө абагына 2 айга камакка алган. Кийин шектүүнүн жактоочусу Бишкек шаардык сотуна аппелциялык арыз менен кайрылып, соттук отурум 6-октябрга белгиленген. Бирок ал күнү жактоочу ооруп келбей калгандыгына байланыштуу соттук процесс 9-октябрга жылдырылган.

Бүгүн, 9-октябрда шаардык сот шектүүнүн бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы келин кайрылып, жарандык жолдошу Э.У. 14-сентябрда катуу сабап, колун ысык үтүк басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаганын билдирген. Бул боюнча ал милицияга арыз жазып, милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козгогон. 15-сентябрда шектүү катары American school ЖЧКсынын директору, 38 жаштагы Э.У. кармалган. 16-сентябрда Октябрь райондук соту шектүүнү №1 тергөө абагына 2 айга камакка алган.

Бишкекте эркек киши аялынын колун үтүк менен күйгүзүп, зордуктаган

Scroll to Top