Карызын алганы кетип, киши колдуу болгон. Кылмыш иши сотко өттү

Карызын алганы кетип, киши колдуу болгон. Кылмыш иши сотко өттү

Чүйдүн Сокулук районунда дайынсыз жоголуп, киши колдуу болгон 33 жаштагы Жанарбек Кенжебек уулунун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш иши октябрь айынын башында Сокулук райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Эскерте кетсек, быйыл 22-июлда Жанарбек Кенжебек уулу үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз жоголгон. Бул боюнча анын туугандары милицияга арыз менен кайрылган. Кийинчерээк анын унаасы айылдын четинен табылып, бул жагдай милицияда шек жараткан.

Тергөөнүн жүрүшүндө Жанарбек Кенжебек уулу жоголгон күнү, андан карызга акча алып, кайтарбай жүргөн таанышына кеткендиги белгилүү болгон.

Андан кийин Жанарбек Кенжебек уулу киши колдуу болгону аныкталып, шектүү катары 35 жаштагы Р.Ю., 30 жаштагы Р.Д. жана 58 жаштагы Д.А. аттуу жарандар кармалган.

Милиция билдиргендей, шектүүлөр Жанарбек Кенжебек уулун өлтүрүп, сөөгүн айыл четиндеги таштандылардын арасына катып койгон.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, шектүүлөр Жанарбек Кенжебек уулуна 220 миң сом карыз болгон. Алар аталган акчаны үстөк пайызы менен кайтарып бермек.

Кийинчерээк бул иш боюнча шектүү катары кармалгандар милиция тарабынан кыйноого кабылып, кылмышты мойнуна алганын билдирип чыгышкан. Ал эми облустук милиция шектүүлөрдүн кыйноолор болгону тууралуу сөздөрүн төгүндөп, алардын билдирүүсүн кылмыш жообунан качуу аракети деп баалаган.

Карызын алганы кеткен. Дайынсыз болгон жарандын өлүмүнүн чоо-жайы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>