Азия оюндарынын катышуучулары Бишкекке келди

Азия оюндарынын катышуучулары Бишкекке келди

Бүгүн, 9-октябрь күнү Кытайдын Ханьчжоу шаарында өткөн XIX Азия оюндарынын катышуучулары Бишкек шаарына учуп келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү менен спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш 23-сентябрда башталып 8-октябрь күнү жыйынтыкталды. Кыргызстандын курама командсы 15 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 9 коло) жеңип, жалпы командалык эсеп боюнча 18-орунду ээледи.

Алтын медалдын ээлери:

Эрлан Шеров (дзюдо);

Акжол Махмудов (грек-рим күрөшү);

Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү);

Айпери Медет кызы (кыз-келиндер күрөшү).

Күмүш медалдын ээлери:

Нурзат Нуртаева (кыз-келиндер күрөшү);

Адилет Шадыканов (каратэ).

Коло медалдын ээлери:

Раззак Бейшекеев (грек-рим күрөшү);

Авазбек Аманбеков (ушу-саньда);

Темирлан Аманкулов (ушу-саньда);

Назим Нурланов (каратэ);

Кымбат Тойтонова (каратэ);

Айсулуу Тыныбекова (кыз-келиндер күрөшү);

Сардана Трофимова (жеңил атлетикп);

Орозобек Токтомамбетов (эркин күрөш);

Айал Лазарев (эркин күрөш).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>