Бишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантатАйыл чарбасына жасалма интеллектти киргизүү ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн алдыга озуп чыгуусун камсыздайт21-февраль: Көпчүлүк аймактарга жаан, кар жаайт
Таластын 55 жаштагы тургуну баңгизат таратууга шектелип кармалды
10.10.2023 | 13:14
Талас районунун 55 жаштагы тургуну Т.А. маң зат таратууга шектелип кармалды. Бул тууралуу аймактагы Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган жаран мурда бир нече жолу баңгизатын тараткандыгы үчүн соттолгон, кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясын активдүү колдойт, криминалдык чөйрө менен туруктуу кылмыштуу байланышта.
Шектүүнүн үйүнүн короосунан өзгөчө жыты бар заттар табылды. Т.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар