Ошто Кадырбек Досоновдун тобунун мүчөлөрү кармалды (видео)

Ошто Кадырбек Досоновдун тобунун мүчөлөрү кармалды (видео)

Ошто “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунуну активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан жети жаран колго түшүрүлдү. Алардын арасында  37 жаштагы Өзгөн районун “караган” Т.М., “Казак” лакап аты менен таанымал Умар Маратовдун кылмыштуу тобунун мүчөсү 27 жаштагы Ж.Д. дагы бар.

УКМК уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш уланып жатканын белгилейт.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

УКМКнын билдирүүсүндө, кримтөбөлдүн кылмыштуу тобунун 40 мүчөсү кармалды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>