Бишкекте кайсы автобустардагы камералар жол эреже бузууну каттап жатканы айтылды

Бишкекте кайсы автобустардагы камералар жол эреже бузууну каттап жатканы айтылды

Бишкектеги автобустарда орнотулган видеокамералар жол эреже жана мыйзам бузууларын каттап, тиешелүү органдарга жөнөтүүдө. Бул тууралуу мэриянын Транспорт жана жол-унаа инфраструктурасы департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда Бишкектеги №212, 51 жана 42 автобустарда видеокамералар орнотулган. Алардын ар биринде бештен камера коюлган. Эки камера автобустун алдында жана артында орнотулуп, жол эреже бузууларын каттап, жол кыймылынын коопсуздугун караган милиция кызматына жөнөтүлөт.

Ал эми автобустардын ичинде үч камера коюлуп, алар мыйзам бузууларды каттап турат. Мыйзам бузуу болгон учурда камерадагы материалдар шаардык милицияга жиберилет.

Аталган департаменттин маалыматы боюнча, учурда 1 автобус күнүнө 65ке чейин жол эреже бузууну каттап, алар боюнча 20 миң сомго чейин айыппул салынууда.

Жакынкы убакта башка автобустарда да жол эреже бузууларын каттаган камералар иштей баштайт.

Департаменттен белгилешкендей, автобустарга жол эреже бузууну каттаган камераларды орнотуу иши айыппул салып, акча жыйноо үчүн эмес, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жасалууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Бишкек

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>