Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Дагы бир курулуш компаниясынын жетекчиси кармалды
13.10.2023 | 14:12
«Эмарк Групп» жана «Бурана Гранд»курулуш компанияларынын негиздөөчүсү Чолпонбек Акматов кармалды. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардын сотунан ырасташты.
Бизнесмен 12-октябрда кармалып, 4-ноябрга чейин Бишкектеги №1 Тергөө абагына камалды.
Чолпонбек Акматов кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдаштырууга шектелүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин «Элит Хаус» компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиев жана “Авангард Стиль” курулуш компаниясынын башкы директору Эрнис Минкеев кармалган. Аларга дагы Кылмыш кодексинин 222-беренеси (кылмыш жолу менен табылган кирешени адалдаштыруу) менен иш козголгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз