РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Төө-Ашууга кар жаады. Жол милициясы айдоочуларга кайрылды (видео)
13.10.2023 | 14:23
Бүгүн, 13-октябрда аба-ырайы кескин өзгөрүп, тоолуу аймактарда, анын ичинде Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатканына байланыштуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы айдоочуларга кайрылды.
Аталган башкармалык, “Бишкек-Ош” унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга унаасынын жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу, алдыда бараткан унаа менен болгон аралыкты сактоо жана карама-каршы тилкеге чыкпай айдоо керектигин эскертет.
Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өздүк курамы Бишкек – Ош унаа жолунда кызмат өтөөдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом