Кыргызстан Израилдеги жарандарын алып чыгып кете элек

Кыргызстан Израилдеги жарандарын алып чыгып кете элек

Кыргызстандын Ардактуу консулу Дмитрий Шкаф  кыргыз жарандарына Израилден өз алдынча чыгып кетүүнү сунуштады. Бул тууралуу билдирүү консулдун офисинин Facebook тармагындагы баракчасына жарыяланды.

Ал кыргыз жарандарын алып кетүү үчүн Өзбекстан, Азербайжан, Грузия, Россия, БАЭ жана башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын маалымдайт.

«Кырдаалдын курчуп кетүү коркунучун эске алуу менен Израилден коммерциялык каттамдар менен өз алдынча чыгып кетүүнү сунуштайбыз. Элчилик менен ТИМ дагы алып чыгып кетүү үчүн аракет кылууда, бирок азырынча каттам тактала элек», — дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркия жана Израилдеги элчи Руслан Казакбаев 90дон ашуун кыргыз жараны элчилик менен байланышта экенин, анын ичинен 20дан ашыгы өлкөдөн  чыгып кетүүнү пландап жатканын айткан.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү.  Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>