Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Дагы 2 кыргызстандык спортчу Дүйнөлүк оюндарда коло утту
24.10.2023 | 14:01
Кыргызстандык грепплинг боюнча эки спортчу Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк оюндарда 2 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Коло байгени 66 кг салмакта Сыймык Махмедов жана 100 кг салмакта Евгений Слесаренко алган.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчулар Дүйнөлүк оюндарды самбо боюнча 3 коло жана каратеден 1 күмүш байге уткан.
Дүйнөлүк оюндар 20-октябрь күнү башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз