Кыргызстандын ички карызы 1 жылда 49 млрд сомго өскөн

Кыргызстандын ички карызы 1 жылда 49 млрд сомго өскөн

Кыргызстандын ички карызы бир жыл ичинде 49 млрд сомго өскөн. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Жыйында депутат Шаирбек Ташиев былтыркыга караганда быйыл өлкөнүн ички карызы канча сомду түзгөнү тууралуу суроо узаткан.

Министрдин айтымында, 31-августка карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички карыз) 5,7 млрд долларды түзгөн (509 млрд 124 млн сом). Анын ичинен 78%ы тышкы карыз, калганы ички карыз болуп саналат.

«Былтыркы жылга салыштырмалуу өлкөнүн ички карызы 49 млрд сомго өстү», — деди Бакетаев.

Андан кийин Ташиев ички карыз эмненин негизинде өскөнүн, карызга акча канча пайыз менен алынып жатканын сурады.

Бакетаевдин айтымында, алар ички карызды баалуу кагаздарды (мамлекеттик казыналык вексель) чыгаруу менен 2-10 жылга жана 15-20 жылга 14-16,5% менен алышууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>