Кыргызстандык самбочулар Дүйнөлүк оюндарда 3 коло утту

Кыргызстандык самбочулар Дүйнөлүк оюндарда 3 коло утту

Самбо боюнча кыргызстандык спортчулар Дүйнөлүк оюндарда 3 коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук самбо боюнча 88 кг салмакта Жамалбек Асылбек уулу, күжүрмөн самбо боюнча 98 кг салмакта Бекназар Жээмырзаев коло медаль уткан. Ал эми кыз-келиндер арасында 65 кг салмакта Мираида Медетбек кызы коло байгенин ээси болгон.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүүдө. Дүйнөлүк оюндар 20-октябрь күнү башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат. Мелдешке Кыргызстандын атынан карате, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулар катышып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>