БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Кыргызстандын ооруканаларында мигранттардын балдары бекер дарыланышат
29.10.2023 | 09:02
Чет өлкөдө жашап жүргөн мигрантардын балдары Кыргызстандын ооруканаларында бекер дарылана алышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Жыйында депутат Максатбек Сарбагышев чет өлкөдө төрөлгөн балдар мекенине кайтып келгенде мамлекеттик ооруканаларга акча төлөп дарыланууга аргасыз болуп жатканын айтты.
Министр баланын ата-энеси кыргыз жараны болсо, ал бекер дарыланарын белгиледи. Ал бул боюнча атайын буйрук чыгарууну убадалады.