Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Ноябрь айында “Жашыл экономика күндөрү” өтөт
29.10.2023 | 10:00
1-30-ноябрда “Жашыл экономика күндөрү – 2023” өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, демилге инклюзивдик жашыл экономиканын принциптерин алдыга жылдырууга жеке сектордун, эксперттик коомчулуктун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн жигердүү тартуу үчүн уюштурулат.
16-ноябрда Бишкек шаарында «Жашыл экономика-2023» аймактык форумун өткөрүү Кыргызстандагы Жашыл экономика күндөрүнүн кульминациясы болот.
Бир айда жашыл энергетика, туруктуу айыл чарбасы, туруктуу туризм, туруктуу транспорт, туруктуу каржылоо, энергияны үнөмдөө жана башка тармактарда ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом