Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Кыргызстандыктар көбүнчө кайсы транспортту колдонору айтылды
29.10.2023 | 13:20
Өлкөнүн коомдук транспортунда жүргүнчү ташуучу унаанын түрү өнүкпөгөндүктөн 90 пайыздан ашыгы автобустун ар кандай түрүн жана таксилерди колдонот. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка караганда, 2022-жылы микроавтобустар жана таксилер менен 462 миллион киши, же 94 пайыз жүргүнчүлөр ташылган. Бул менчик транспорттук компаниялар тарабынан ишке ашкан.
Ал эми муниципалдык коомдук транспорт жүргүнчүлөрдүн 6 пайызын жеткирет.
Жүктөрдүн көпчүлүгү (81 пайызы) автотранспорт менен ташылат. 2022-жылы 36 миллион тонна өткөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом