Депутаттар регламентине кайра өзгөртүү киргизүүдө

Депутаттар регламентине кайра өзгөртүү киргизүүдө

Жогорку Кеңеш бир жыл мурда кабыл алган регламентине өзгөртүү сунуштооодо. Марлен Маматалиев менен Нурлан Азыгалиев иштеп чыккан долбоор парламенттин сайтына чыгарылды.

Ага ылайык эл өкүлдөрү мыйзамдардын долбоорлорун даярдоо убактысынын узартууну сунуштайт.

Андан тышкары, депутаттар коомдук маанилүү маселелер боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын зарылчылыкка жараша угуу укугун бекитүүдө.

Ага ылайык Минкаб парламентке келерден үч күн мурда маалыматын жазуу жүзүндө берет.
Маалыматты угуу жөнүндө маселени фракциялар, депутаттык топтор, фракцияларга жана депутаттык топторго кирбеген бир мандаттуу округдардын депутаттары жана комитеттер киргизүүгө укуктуу.

«Ар кандай» маселелерди кароо бейшембиден шаршембиге жылдырат.

«Бул шайлоочулардын маселелерин биринчи кезекте кароо максатында киргизилип жатат», — дейт авторлор.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>