Сүрөтчү Кыял Аккүчүкова оймо-чиймелерди патенттөө, жоокер Сайкал жана этно-стиль экономикасы тууралууСурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болдуЖалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болотЖапония Кыргызстандагы миңдеген фермерди колдоо үчүн 4,5 млн доллар бөлөт20-февралга карата аба ырайыErasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгы
Жалал-Абадда кызамык күчөп 2 мектеп аралыктан окутууга өттү
30.10.2023 | 16:30
Жалал-Абад шаарындагы кызамыкка байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалдан улам жана К. Закиров атындагы №2 жана А. Усманов атындагы № 7 орто мектепте кызамык оорусу көп катталгандыгына байланыштуу окуу процесси убактылуу аралыктан окууга өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
“Ошондой эле Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө балдарды массалык эмдөө үчүн №063 форманын негизинде эмдөөдөн баш тарткан, же бир жолку эмдөө алган окуучулардын санын тактап, ар бир мектепте, ар бир бала бакчада эмдөө жасоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн дарыгерлерге өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруп берүү тапшырылды”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом