Каржы министрлигинин кызматкери баңгизат менен кармалды (видео)

Каржы министрлигинин кызматкери баңгизат менен кармалды (видео)

Бишкекте министрликтердин биринин кызматкери баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 33 жаштагы Ч.М.Т. аттуу жаран 22-октябрда болжол менен саат 21:40та Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунда колго түшүрүлгөн. Кармоо учурунда ал тоголок формадагы кочкул жашыл заттарды жерге ыргытууга аракет кылган. Аталган кызматкер ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан «сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Ошондой эле анын жашаган жери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлүп, 10 даана баңги каражат табылып алынган.

«Алынган буюмдардын жалпы саны 18 даана болду. Жүргүзүлгөн экспертизага ылайык, алынган баңгизаттар кара куурайдын «нашаа» чайыры экени аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүү соттун чечимине ылайык Бишкектеги тергөө абагына камакка алынган.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, аталган кызматкер Каржы министрлигинде иштейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Бишкек ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>