Эртең, 31-октябрда Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт.
Мэриянын маалыматына караганда, өчүрүү «Мурас Ордо» жана «Калыс Ордо» суу алгычтарындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу.
Өчүрүү аймагы:
— «Мурас Ордо» конушу — саат 9:00дөн 20:00гө чейин.
— «Калыс Ордо» конушу — саат 9:00дөн 15:00гө чейин.
«Бишкексууканал» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз