Жогорку Кеңеш альтернативдик кызмат үчүн төлөмдөрдү жогорулаткан мыйзам долбоорду жактырдыУКМК теракттарды даярдаган жана жардыруучу түзүлүштөрдү чогулткан өспүрүмдөрдүн кармалганын билдирдиДепутат Жанар Акаев Ош шаарынын мэри болуп дайындалды«Кыргызфармация» БУУ механизмдери аркылуу дары-дармектерди сатып алууда 410 млн сом үнөмдөөнү көздөп жатат19-февраль: Өлкөдө күн ачык жана жылуу болотОштун мэри Жеңишбек Токторбаев өз каалоосу менен кызматтан кетти
Корея Кыргызстанга 56 млн сомдук медициналык жабдык берди
31.10.2023 | 09:00
Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине медициналык жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалыматка караганда, 56 млн 67 миң сомдук түзгөн жабдуулар агенттиктин “Өнүктүрүү кызматташтыгы аркылуу COVID-19га туруктуулукту жогорулатуу” ABC программасынын алкагында берилген.
Иш-чарага Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Жэ, саламаттыкты сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, Улуттук хирургия борборунун директору Канат Мамакеев жана KOICAнын директору Ли Жонгсу катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом