Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Жогорку сот Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты
31.10.2023 | 10:30
Жогорку сот Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу чечимди мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы жасалма диплому үчүн Исмаиловду депутаттык мандатынан ажыраткан. БШКнын чечимине макул болбогон депутат сотко арыз менен кайрылган. Бирок Бишкек административдик соту жана шаардык сот БШКнын чечимин мыйзамдуу деп таап, күчүндө калтырган.
Эскерте кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду мандатынан ажыраткан. Ага жасалма диплом маселеси себеп болгон. Алимжанов боюнча азырынча Жогорку соттун чечими чыга элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом