Кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болдуАйзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койду
“Кыргыз көмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси менен кеңешчиси камалды
02.11.2023 | 09:30
“Кыргыз көмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Канатбек Ашырбаев жана анын кеңешчиси Турсунбай Шарапов 4-декабрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан ырасташты.
Алар Жазаларды аткаруу кызматынын №21 мекемесинде камоодо болот.
Канатбек Ашырбаев менен Турсунбай Шараповду ички иштер министрлиги тарабынан кармалганы маалым. Аларга кандай айып тагылып жатканы азырынча белгисиз.
Айрым маалыматтарга караганда, учурдагы министрлердин бири “Кыргыз көмүр” ишканасынын мурдагы жетекчисине каршы арыз жазган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом