Пенсия алуу үчүн жаңы талаптар киргизилдиби? Соцфонддун жообу

Пенсия алуу үчүн жаңы талаптар киргизилдиби? Соцфонддун жообу

Социалдык фонддун коомчулук менен иштөө башкармалыгынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов Биринчи радионун эфиринде интернетте таркап жаткан маалыматты четке какты.

Социалдык тармакта декабрь ичи ар бир пенсионер өзү тууралуу Социалдык фонддогу маалыматты жаңыртышы керектиги, болбосо 1-январда тарта пенсиясы токтотулары боюнча кабар таркатылууда.

Жеңишбек Мукамбетов эч кандай жаңы талаптар жоктугун, пенсия  үзгүлтүксүз берилип турарын айтат.

“Бир гана акчасын банк аркылуу алгандар ар жарым жылда өзү тууралуу маалыматтарды жаңыртып турушу керек. Бул банктын талабы. Анткени, буга чейин адамдын көзү өтүп кетсе дагы туугандары анын пенсиясын алып жүргөн учурлар болгон. Адам өлгөн айдан тарта пенсия токтотулат”, — дейт Жеңишбек Мукамбетов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>