Садыр Жапаров жабыркаган аскер кызматкеринин ишин жеке көзөмөлүнө алдыБаткенде алимент төлөөдөн качкан жаран 2 жылга эркинен ажыратылдыБарскоон – Бедел унаа жолун куруу боюнча мамлекеттик дирекция түзүлдүБаткенде аскер кызматкери оор жаракат алды: депутат шашылыш жардам көрсөтүүнү сурандыКыргызстанда жарандарды каттоо эрежелерин жөнөкөйлөтүү сунушталдыБишкекте ат минип эс алуу: 5 метр алыстык жана кенеге каршы спрей
Акча опузалаган Тогуз-Торонун прокурорунун жардамчысы кармалды
02.11.2023 | 15:12
Ички иштер министрлиги жана Аскер прокуратурасы Тогуз-Торо районунун прокурорунун жардамчысын кармады.
Ага Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «Опузалап пара алуу» боюнча кылмыш иши козголгон.
Прокурордун жардамчысы Жалал-Абад облусунун тургунунан бир нече жолу коркутуу жолу менен акча талап кылган.
Акыркы жолу октябрдын аягында жабырлануучу прокурордун жардамчысына 20 миң сом которгон.
Шектүү буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районунун прокурорунун жардамчысы болуп иштеп, бир нече жума мурда Тогуз-Торого которулган.
Азыркы учурда сот тарабынан аны гауптвахтада кармоо боюнча бөгөт чарасы тандалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом