Нарында Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат

Нарында Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борбору ачылат

Бүгүн, 2-ноябрда Нарын облусуна дүйнөнүн үч жана Азиянын 5 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Тыныбекованын иш сапары Нарын шаарындагы Борбор Азия Университетинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жаштар менен жолугушуудан башталды.

“Жолугушуу учурунда облус жетекчиси Алтынбек Эргешов Айсулуу Тыныбекованын ийгиликтерин сыймыктануу менен белгилеп, буйруса Кочкор районуна президент жана министрлер кабинетинин төрагасынын колдоосу менен Айсулуу Тыныбекова атындагы спорт борборун ачып берүү аракеттери жүрүп жаткандыгын жана мындай мектептер өлкөбүздүн бардык аймактарында ачылышы зарылдыгын билдирди.

Ошондой эле Айсулуу Тыныбековага Нарын облусунун элинин атынан терен ыраазычылык билдирип, “Нарын даңкы” сыйлыгын сыймыктануу менен тапшырды.

Иш чарада Айсулуу Тыныбековага Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров тарабынан “Нарын районунун Ардактуу атуулу” наамы да ыйгарылды”, — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарада Айсулуу Тыныбекова сөз сүйлөп, Кыргызстанда төрөлгөнүнө жана ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк тапканына бактылуу экендигин билдирип, жаштарды билим алууга, чоң максаттарды коюп, ошол багыт менен эч нерсеге карабай тынбай аракеттенүүгө чакырган.

Салтанаттуу иш-чарадан кийин Айсулуу Тыныбекова Борбор Азия Университетинин кампусу менен таанышып чыккан. Андан соң облус башчысы Алтынбек Эргешов менен чай үстүндө баарлашкан.

“Дүйнө чемпиону бүгүн Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде Нарын шаарынын жана Нарын районунун мектеп окуучулары, спортко кызыккан жаштар менен жолугушат. “Газпром балдарга” спорт комплексинде мастер-класс көрсөтүп, өзүнүн ийгиликтери менен бөлүшөт.

Айсулуу Тыныбекованын иш сапары эртеңден баштап Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор райондорунда улантылат”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>