Үч адамдын өлүмү: Прокурор айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранды

Үч адамдын өлүмү: Прокурор айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранды

Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылды.

Бүгүнкү процессте тараптар жарыш сөзгө өттү. Жарыш сөздү мамлекеттик айыптоочуу баштады. Ал өз сөзүндө тергөө учурунда жана соттук отурумдун жүрүшундө Ашыралиевдин кылмыш жасаганы толук далилденгенин билдирди. Ал Ашыралиев өзгөчө оор кылмыш жасаганын айтып, судьядан айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну, ошондой эле мүлкүн конфискациялоону суранды.

Аны менен бирге прокурор жабырлануу тарап кенемте катары сураган 4,6 млн сом акчаны айыпталуучудан өндүрүп берүүнү өтүндү.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиевден 4,6 млн сом кенемте талап кылынды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>