Панфилов районунда кызганычтан улам адам өлтүрүү фактысы катталып, кылмышка шектүүлөр кармалды, деп билдирди бүгүн, 3-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.
Милициянын маалыматы боюнча, 2-ноябрда саат 11:30 чамасында Панфилов айылынын четинде Кайыңды шаарынын тургуну, 1982-жылы туулган Ш.Э.нын жансыз денеси табылган. Анын баш бөлүгүндө бычактан алган жарааттар жана көптөгөн гематомалар, көгала тактар болгон. Ошондой эле, сөөк табылган жерден 200 метр аралыкта Ш.Э аттуу жаранга тиешелүү унаа талаадан табылган. “Мазда” үлгүсүндөгү унаасы толугу менен күйгөн абалда болгон.
Бул факты боюнча Панфилов РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгоду.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран Ш.Э. 31-октябрда Бишкек шаарына кетип, акыркы жолу 1-ноябрь күнү кечинде үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, андан кийин байланышка чыкпай калган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Панфилов РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр аныкталды. Алар Кайынды шаарынын тургундары 1978-жылы туулган С.Д. жана 1993-жылы туулган С.Н. болуп чыкты, алар күнөөсүн мойнуна алышты.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, кылмыш кызганычтан улам жасалган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талабы менен С.Д. жана С.Н. кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз