Чүйдүн тургунун кызганычтан улам өлтүрүп, унаасын өрттөп кетишти

Чүйдүн тургунун кызганычтан улам өлтүрүп, унаасын өрттөп кетишти

Панфилов районунда кызганычтан улам адам өлтүрүү фактысы катталып, кылмышка шектүүлөр кармалды, деп билдирди бүгүн, 3-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Милициянын маалыматы боюнча, 2-ноябрда саат 11:30 чамасында Панфилов айылынын четинде Кайыңды шаарынын тургуну, 1982-жылы туулган Ш.Э.нын жансыз денеси табылган. Анын баш бөлүгүндө бычактан алган жарааттар жана көптөгөн гематомалар, көгала тактар ​​болгон. Ошондой эле, сөөк табылган жерден 200 метр аралыкта Ш.Э аттуу жаранга тиешелүү унаа талаадан табылган. “Мазда” үлгүсүндөгү унаасы толугу менен күйгөн абалда болгон.

Бул факты боюнча Панфилов РИИБ Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгоду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жаран Ш.Э. 31-октябрда Бишкек шаарына кетип, акыркы жолу 1-ноябрь күнү кечинде үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, андан кийин байланышка чыкпай калган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Панфилов РИИБнин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр аныкталды. Алар Кайынды шаарынын тургундары 1978-жылы туулган С.Д. жана 1993-жылы туулган С.Н. болуп чыкты, алар күнөөсүн мойнуна алышты.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, кылмыш кызганычтан улам жасалган.  Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин талабы менен С.Д. жана С.Н. кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>