«Күнөөлүү эмесмин». Ашыралиев соттун өкүмүнөн кийин комментарий берди (видео)

«Күнөөлүү эмесмин». Ашыралиев соттун өкүмүнөн кийин комментарий берди (видео)

Үч адамды өлтүргөнү үчүн бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиев соттун өкүмү боюнча кыска комментарий берди.

Күзөтчүлөр алып кетип бараткан Ашыралиев журналисттерге соттун өкүмү боюнча «мен күнөөлүү эмесмин» деген комментарий берди.

Белгилей кетсек, Ашыралиев буга чейинки соттук отурумдарда да Алтынай Канзаманова менен анын 2 баласын өлтүрбөгөнүн айтып, күнөөсүн моюндаган эмес. Ошондой эле ал алгач тергөө учурунда кылмыш жасаганын мойнуна алган көрсөтмөлөрүнөн да баш тарткан

Эске салсак бүгүнкү отурумда сот Надырбек Токтосунов Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Ошондой эле соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискациялоого жатат.

Андан тышкары сот Ашыралиевди жабырлануучу тарапка 671 миң сом материалдык чыгым жана 3 млн сом моралдык зыян төлөп берүүгө милдеттендирди. Буга чейин жабырлануучу тараптын жактоочусу судьядан айыпталуучу Ашыралиевден моралдык зыян катары 4 млн сом жана маркумдарды туулган жерине жеткирүү, жерге берүүгө кеткен чыгымы үчүн 671 миң сомду өндүрүп берүүнү суранды.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Үч адамдын өлүмү: Сот айыпталуучу Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратты (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: өкүм сот

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>