Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Кийинки жумада Боом капчыгайында беш күн таш кулатылат. Убактысы
03.11.2023 | 23:10
6-ноябрдан 10-ноябрга чейин Боом капчыгайындагы темир жолдун аймагында (3 миң 898 — 3 миң 899 чакырым) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иштер аба ырайынын шарттарын эске алуу менен саат 9:00дөн 15:00гө чейин жол жарым-жартылай тосулгандан кийин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолгон учурда, таштарды түшүрүү иштери транспортту өткөрүү үчүн токтотулат.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы каттамды алдын ала пландаштырууну өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар