Казакстан Палестинага 1 млн долларлык жардам көрсөтөт

Казакстан Палестинага 1 млн долларлык жардам көрсөтөт

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Палестина элине гуманитардык жардам көрсөтүү чечимин жарыялады, деп билдирет Tengrinews.kz.

«Медиациянын ролун жогорулатуу кечиктирилгис милдет болуп саналат. Азыр айланабызда оор кырдаал түзүлүп жатат. Түндүктө Орусия менен Украинанын ортосунда, Жакынкы Чыгышта Израил менен Палестинанын ортосунда жаңжал, Ооганстанда туруксуздук уланууда. Батышта мыйзамсыз миграция маселеси курчуп баратат. Бүгүнкү күндө Газа тилкесиндеги карапайым калк, өзгөчө балдар жана карылар тирешүүнүн курмандыктарына айланууда. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу негизги милдет. Буга байланыштуу мен Палестина элине 1 миллион доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтүүнү чечтим», — деди Токаев.

Ондогон жылдар бою чечилбей келе жаткан орчундуу маселелерди зордук-зомбулук жана террордук актылар аркылуу чечүү таптакыр жол берилгис экенин белгиледи казак президенти.

«Казакстан мындай ыкмаларды кескин айыптайт. Кырдаалдын курчушу оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу биз ар кандай чыр-чатакты сүйлөшүүлөр жана дипломатиялык диалог аркылуу гана чечүүгө чакырабыз. Биз үчүн бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн сактоо жана кийлигишпөө — алардын ички иштериндеги негизги артыкчылыктар. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын аткаруу жана эл аралык укукту сактоо абдан маанилүү», — деп белгиледи Казакстандын башчысы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>