Нарын облустук милициянын 2 кызматкери дүйнө чемпионатында коло утту

Нарын облустук милициянын 2 кызматкери дүйнө чемпионатында коло утту

Нарын облустук милициянын эки кызматкери Грузияда өткөн эр уруш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медаль тагынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мелдеш 26- 31-октябрда Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн. Чемпионатка 20 өлкөнүн спортчулары катышкан.

Бул мелдешке Кыргызтандын атынан Нарын облустук милициянын атайын операция отрядынын кызматкери, сержант Сыймык Тенти уулу жана Оттук айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкери, улук лейтенант Нурбек Айдаров барган. Жыйынтыгында Тенти уулу Сыймык (70 кг) жана Нурбек Айдаров (80 кг) 3-орунду ээлеген.

«Спорттун  бир нече түрү менен машыгып, байгелүү орундарды алып жүргөн биздин кызматкерлерге ишине ийгилик, билегине күч, ден соолук жана байгелүү орундарды камсыз кылып жүрө беришине тилектешпиз», — деп билдирет облустук милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>