Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Кыргызстандык 2 балбан Казакстандагы мелдеште алтын утту
06.11.2023 | 09:00
Кыргызстандык эркин күрөш боюнча балбандар Алмазбек Сманбеков менен Алибек Осмонов Тараз шаарында (Казакстан) өткөн Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеште алтын медалга ээ болушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Алмаз Сманбеков 57 кг салмакта жана Алибек Осмонов 70 кг салмакта күч сынашкан. Алар финалдык беттеште казакстандык атаандаштарын жеңип, алтын медаль утту.

Белгилей кетсек, Динмухамед Кунаевдин жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш 3-5-ноябрь күндөрү болуп өттү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз